Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алынды

27.10.2026 | 18:01
Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алынды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш сүрдүрүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иштер мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 19–23-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Натыйжада 7 миң 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.

Мэрия объектилер мажбурлоо тартибинде, ошондой эле түшүндүрүү иштеринен кийин ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө алынганын билдирди.

Мындан сырткары, жерди өз билемдик менен ээлеп алуу жана аянтын мыйзамсыз кеңейтүү фактылары боюнча 52 протокол түзүлүп, жалпы 1 млн 992 миң сом айып пул салынган.

Мэрия жарандарды жана ишкерлерди жер мыйзамдарын сактоого чакырып, тиешелүү документтери жок курулган объекттер мыйзам чегинде сүрдүрүлөрүн эскертти.

Теги: Бишкек
Scroll to Top