Чүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда

Чүй облусунда жайгашкан Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Учурда гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана станциянын суу түтүктөрү демонтаждалды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрлик демонтаж учурунда алынган техникалык жабдуулардын айрымдарын «Чакан ГЭС» ААКтын карамагындагы башка ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалып жатканын билдирди. Бул колдогу техникалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Жаңылоо иштеринин натыйжасында Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 7,6 МВттан 10 МВтка чейин көбөйөт.
Эске салсак, станцияны реконструкциялоо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) насыялык жана гранттык каражаттарына жүргүзүлүүдө. Долбоордун подрядчысы — Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы. Ушул жылдын февралында «Чакан ГЭС» ААКы менен аталган ишкана ГЭСти реконструкциялоо боюнча келишим түзүшкөн эле.