КРде чет өлкөлүк компанияларга эсеп ачууга 200 миң сомдук жыйым сунушталды

27.10.2026 | 16:50
КРде чет өлкөлүк компанияларга эсеп ачууга 200 миң сомдук жыйым сунушталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жергиликтүү банктардан эсеп ачууну же аны тейлетүүнү каалаган чет элдик компаниялар үчүн 200 миң сом өлчөмүндө жыйым киргизүү сунушталууда. Бул үчүн алар атайын текшерүүдөн — аккредитациядан өтүшү керек. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Экономика министрлиги түшүндүргөндөй, 2026-жылдын августунда мыйзамдарга мындай жыйымды караган өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок аны төлөөнүн жана уруксат алуунун так эрежелери азырынча жок. Мындан улам чет өлкөлүк компанияларда эсеп ачууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Ошондой эле мекеме чет өлкөлүк бизнес Кыргызстандын банктарына барган сайын көбүрөөк кызыгуу көрсөтүп жатканын белгилейт. Андыктан баарына түшүнүктүү эрежелерди бекитүү зарыл, алар ошол эле учурда акчаны адалдоо жана эл аралык санкцияларды бузуу тобокелдиктерин азайтууга жардам берет.

Чет өлкөлүк компаниялар эсептерди кантип ачышат?

Долбоорго ылайык, банктык эсеп ачуу же аны тейлөө үчүн чет элдик компания аккредитациядан өтүшү керек болот. Бул иш менен Экономика министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемеси алектенет.

Тартип төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

  1. Компания тандалган банкка кайрылып, документтерди тапшырат.
  2. Банк компанияны текшерет, анын түпкү ээсин тактайт жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баалайт.
  3. Текшерүүдөн кийин банк документтерди жана жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөктү «Кыргыз Экспортко» өткөрүп берет.
  4. «Кыргыз Экспорт» арызды карап чыгып, уруксат берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат.
Документтерди баштапкы текшерүүгө эки жумушчу күн каралган. Эгерде кандайдыр бир маалыматтар жетишсиз болсо, аларды толуктап берүүгө 10 жумушчу күнгө чейин убакыт берилет. Документтердин толук топтому келип түшкөндөн кийин аккредитация боюнча чечим беш жумушчу күндүн ичинде кабыл алынышы керек.

Канча төлөө керек?

Аккредитация үчүн чет өлкөлүк компанияларга 200 миң сом өлчөмүндө жыйым белгилөө сунушталууда. Аны арыз бергенге чейин төлөө зарыл. Мында, мыйзамда каралган өзгөчө учурларды кошпогондо, компанияга аккредитация берүүдөн баш тартылса же анын арызы кароосуз калтырылса да, акча кайтарылып берилбейт.

Чогулган каражаттын жарымын ыйгарым укуктуу органдын Өнүктүрүү жана дем берүү фондуна багыттоо пландалууда.

Аккредитация эсеп сөзсүз ачылат дегенди билдиреби?

Уруксат алгандан кийин деле банк чет өлкөлүк компанияга эсеп ачуудан баш тарта алат. Ар бир банк чечимди өз алдынча — текшерүүнүн жыйынтыгына жана мүмкүн болгон тобокелдиктерге карап кабыл алат.

Компания так эмес маалыматтарды берсе, керектүү документтерди толук тапшырбаса же белгиленген талаптарга жооп бербесе, аккредитациянын өзүн берүүдөн да баш тартылышы мүмкүн.

Мыйзам бузуулар аныкталса, буга чейин берилген уруксат убактылуу токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн. Мындай учурда компания чыгарылган чечим боюнча даттанууга укуктуу.

Аккредитациядан өткөн бардык чет өлкөлүк компаниялар «Кыргыз Экспорт» мекемеси тарабынан жүргүзүлүүчү атайын электрондук реестрге киргизилет.

Анара Мамытова

Scroll to Top