Кыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабуудаКыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалуудаАйпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыБишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулат
Бишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөт
28.10.2026 | 10:17

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Ч. Валиханов көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан жаңы көпүрөнү 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда объектиде көпүрөнүн тирөөчтөрүн орнотуу жана негизги конструкцияларын бетондоо иштери жүрүп жатат.
Долбоор боюнча көпүрө алты тилкелүү болуп, узундугу 90 метрди түзөт. Анын эки тарабына тең туурасы 3 метрден болгон жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарлар салынат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакка барып, курулуштун жүрүшү менен таанышкан. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга курулушту белгиленген мөөнөттө аяктоону жана иштердин сапатын камсыз кылууну тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом