Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?
“Бишкек ЖЭБ” МИнин аймагында өрткө каршы машыгуулдар өткөрүлдү
12.07.2025 | 22:05

Бүгүн, “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын аймагында пландуу өрткө каршы машыгуулар ийгиликтүү өттү. ⠀
Иш-чаранын максаты – өрт же өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жана жөнгө салынган чараларды көрүү үчүн кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу. ⠀
Машыгууга өрткө каршы кызматтын адистери, ЖЭБдин техникалык кызматкерлери, ошондой эле ишкананын администрациясынын өкүлдөрү катышты. Машыгуунун жүрүшүндө кызматкерлер менен ар кандай өрттү өчүрүүнүн чен белгилери жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды ыкчам колдонуу боюнча баарлашуу жүргүзүлдү. ⠀
Үзгүлтүксүз машыгуулар кызматкерлерге ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр болууга мүмкүндүк берет жана жумушчуларды да, жабдууларды да ишенимдүү коргоону камсыз кылат.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Кыргызстан