Россияда энеси сатайын деген бала Кыргызстанга чоң энесине жөнөтүлөт

Россияда энеси сатайын деген бала Кыргызстанга чоң энесине жөнөтүлөт

Россияда энеси 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга чоң энесине жеткирилет. Бул тууралуу баланын өгөй атасы билдиргенин «КП-Екатеринбург» басылмасы жазды.

Учурда баланын өгөй атасы асыроочу органдар үчүн керектүү документтерди топтоп жүрөт. Баланы ким багып алары Кыргызстанда чечилет. Азыркы тапта ал балдар үйүндө жашоодо.

«Көрсө асырап алуу маселеси Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чечилет экен. Бул жакта баланын туугандары жок. Ошондуктан аны чоң энесиникине жеткиришет. Эгер ал баш тартып койсо, анда аны мен өзүмө алып алам. Менимче мага баланы көрүп турууга уруксат беришет. Азыр ден соолугу тууралуу маалыматкатты алуу эле калды», — деди ал.

Анын айтымында, ал жубайы Н.А. менен жарандык никеде тургандыктан, тергөөчү аны менен көрүшүүгө уруксат бербей жатат.

«Мыйзамду негиз жок экенин айтууда. Себеби экөөбүз расмий түрдө никеге турган эмеспиз. Мен баланын өз атасы эмесмин», — деди ал.

Эскерте кетсек, Н.А. аттуу аял 9-августта “Карнавал” соода борборунда баласын сатайын деп жатканда кармалган. Ага карата кылмыш иши ачылган. Ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда ал 2 айга камакка алынган.

Белгилүү болгондой ал баласын сатып, алган акчага энеси жана майыптыгы бар бир тууганынын карыздарын төлөмөк.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бала эне

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>