Газада урандылардын астынан жүздөгөн сөөк табылды — БУУ соккуларды иликтөөгө чакырдыКыргызстанда жеке медициналык ЖОЖдор билим берүү франшизасына өткөрүлүшү мүмкүнКыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында коло медаль утуп алдыКара-Сууда заводдон чыккан чаң айылды каптап жатат. Тургундар маселени чечип берүүнү суранышууда«Бишкек Арена» 5-октябрда ачылат: концертке кирүү акысыз билеттер менен болотОрусияда алдын ала маалымат боюнча беш партия Мамлекеттик думага өтүүдө — РФ БШКсынын башчысы
Эртең Кыргызстанга коронавируска каршы америкалык вакцина алынып келинет
24.11.2021 | 14:26
«Модерна» вакцинасы Кыргызстанга эртең келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди.
Ал белгилегендей, вакцина COVAX программасы аркылуу алынат. Жалпысынан өлкөбүзгө 115 миң доза дары алынып келинет.
Аталган вакцина аймактарга бир жуманын ичинде, ал эми Бишкектеги эмдөө борборлоруна эки күндө жеткирилет.
«Вакцинанын эффективдүүлүгү 90%дан ашат. Дары -15 … -25 температурада сакталат. Андан кийин аларды эритип, эмдөө пункттарында 30 күн сактоого болот», – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом