Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Эртең Кыргызстанга коронавируска каршы америкалык вакцина алынып келинет
24.11.2021 | 14:26
«Модерна» вакцинасы Кыргызстанга эртең келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди.
Ал белгилегендей, вакцина COVAX программасы аркылуу алынат. Жалпысынан өлкөбүзгө 115 миң доза дары алынып келинет.
Аталган вакцина аймактарга бир жуманын ичинде, ал эми Бишкектеги эмдөө борборлоруна эки күндө жеткирилет.
«Вакцинанын эффективдүүлүгү 90%дан ашат. Дары -15 … -25 температурада сакталат. Андан кийин аларды эритип, эмдөө пункттарында 30 күн сактоого болот», – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом