Кыргызстандыктар баштапкы төгүмү жок турак жай жана унаа үчүн 3 млрд сомдук насыя алышты

09.09.2026 | 10:46
Кыргызстанцы взяли кредиты на жилье и авто на 3 млрд сомов без взноса — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 8-сентябрына карата «Кепилдик фонд» ААКтын колдоосу менен «Келечек», «Унаа» жана «Ылдам» программалары боюнча берилген насыялардын көлөмү 3,04 миллиард сомду түздү. Жалпысынан аталган үч багыт боюнча фонд 685,2 миллион сом суммасында 884 кепилдик берди.

Баштапкы төгүмү жок «Келечек» ипотекалык программасы боюнча 341,3 миллион сомго 276 кепилдик берилип, бул насыя алуучуларга 1,42 миллиард сомдон ашык каражат тартууга шарт түздү. Ал эми «Унаа» автонасыялоо программасынын алкагында жалпы суммасы 442 миллион сомдук насыялар үчүн 92 миллион сомго 227 кепилдик таризделди.

Кепилдиктерди тездетип берүүчү «Ылдам» продуктусу боюнча 252 миллион сомго 381 кепилдик берилди. Бул программа боюнча банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү 1,17 миллиард сомду түздү.

Теги: кредиты
Scroll to Top