Бишкекте 92 метрлик айланма дөңгөлөгү бар «Асман Парк» ачылды

Бишкекте «Асман Парк» үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору ачылды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Гүля Кожокулова, ошондой эле «Асман Парктын» директору Айбек Сулайманбеков катышты.

Бул борбор узак убакыт бою кароосуз калган мурдагы «Асанбай» паркынын аймагында курулган. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында аталган аймак реконструкцияланып, көрктөндүрүлүп жана жашылдандырылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, долбоорго 1 миллиард сомдон ашык инвестиция салынган. Паркта эс алуу аймактары, сейилдөө аллеялары жана оюн-зоок аянтчалары уюштурулду. Ошондой эле миңден ашык жаш көчөттөр жана декоративдүү өсүмдүктөр отургузулган.

«Асман Парктын» башкы объектиси 92 метрлик «Бишкек жылдызы» айланма дөңгөлөгү (колесо обозрения) болду. Муниципалитеттен белгилешкендей, ал Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк болуп саналат.

Парктын ачылышына арналган майрамдык концертте Бек Борбиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Мирбек Атабеков, Jax, Мия Бойко жана «Kairos» тобу өнөрлөрүн тартуулашты.