Талас шаарында КУУнун институтунун жаңы окуу имараты ачылды
Бүгүн, 11-сентябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Талас шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин көп профилдүү институтунун жаңы окуу имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Беш кабаттуу имараттын жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзөт жана ал 3 миң студентти окутууга ылайыкталган. Объект тиешелүү жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген.
Мамлекет башчысы имараттагы Чыңгыз Айтматов атындагы кабинетти, Туризмди өнүктүрүү борборун, топурак менен суунун курамын аныктоочу лабораторияны кыдырып чыккан. Андан соң окутуучулар курамы менен жолугушуп, туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоо маселесине токтолгон.
Маалыматка ылайык, окуу жай 1994-жылы 1930-жылдардан бери иштеп келе жаткан Талас педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн.
Президент институттун жаңы корпусу аймактын жаштарына жеткиликтүү жана заманбап билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгилеген.





