Этникалык кыргыздар үчүн «Мекен-карт» алууга документтер кабыл алына баштады

Этникалык кыргыздар үчүн «Мекен-карт» алууга документтер кабыл алына баштады

Бүгүн, 13-марттан баштап “Мекен-карт” алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, “Мекен-карт” Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтет. Ага ылайык, башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандык “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген расмий макамга ээ болот. Анын мындай макамын “Мекен-карт” тастыктайт жана ал он жылга берилет.

Ошондой эле, “Мекен-карт» мамлекеттик документине ээ болгон кыргызстандык тарыхый мекенине визасыз кирип чыгуу, уруксат документи жок эле иштөө, убактылуу жашоого жана билим берүү, медицина мекемелеринин кызматын колдонуу жагынан кыргыз жарандары менен укуктары теңелет.

Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, мурда Кыргыз жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн арыз берүүгө укуктуу”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>