Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин киргизди
15.03.2022 | 16:04
Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин киргизди. Аталган өлкөгө келген жеке жана юридикалык жактардын кара тизмеси кеңейтилип, импорт жана экспортко чектөөлөр киргизилди. Мындай билдирүү Еврокомиссиянын сайтында жарыяланды.
Жаңы чектөө чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Орусиядан келген жеке жана юридикалык жактардын кара тизмесин кеңейтүү.
- Мунай жана энергетика тармагына инвестиция тартууга чектөөлөр.
- Орусияга кымбат баалуу буюмдарды экспорттоого тыюу салынды. Аларга кымбат баалуу унаалар жана зер буюмдар кирет.
- Болот жана темир буюмдарын импорттоого чектөөлөр.
- Рейтинг агенттиктерине Россия Федерациясына тиешелүү кредиттик рейтингдерди аныктоо боюнча кандайдыр бир кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салуу.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар