Түп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылды
Банктар аралык валюта соодасы АКШ долларынын курсунун өсүшү менен аяктады
15.03.2022 | 15:35
Кечээ, 14-мартта коммерциялык банктар банктар аралык валюта рыногунан 7,6 млн доллар сатып алышты. Бул тууралуу “Акчабар” жазды.
Соода доллардын наркы 104,92 сом деңгээлинде ачылды. Бирок, соода сессиясынын жабылышына карата курс 0,07%га жогорулап, 105 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык валюта тооруктарында 32 млн 70 миң доллар сатып алышкан. Валютанын орточо сатуу курсу 101,5 сомду түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика