FIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалы Ала-Тоо аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

19-июлда саат 21:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен «Шоро» компаниясы уюштурган Legend Fan Festival фан-зонасынын расмий ачылышы өтөт. Иш-чара FIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинин түз көрсөтүүсүнө арналат.
Беттешти көрүү үчүн аянтка чоң LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат.
Түз көрсөтүү башталганга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа уюштурулат. Сахнада Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлер өнөр көрсөтүшөт. Ошондой эле интерактивдүү аянтчалар иштеп, сынактар, белектердин ойнотулушу жана фуд-корт уюштурулат.
Иш-чарага байланыштуу саат 19:00дөн тартып Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы скверине чейинки тилкесинде унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды фан-зонага келип, жылдын башкы футболдук беттешин чогуу көрүүгө чакырат.