Кыргызстанда жаңы жер тилкелерин легалдаштырууга уруксат берилди — президенттин жарлыгы

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, документ жер мунапысына (амнистиясына) кирген жер тилкелеринин тизмесин кеңейтет.
Эми 2021-жылдын 1-декабрына чейин калыптанган, башаламан курулуштары бар топтордун курамына кирген жер тилкелерин легалдаштырууга болот. Кеп жеке турак жайлары бар (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) тилкелер, ошондой эле легалдаштыруу боюнча арыздар 2025-жылдын 1-июлуна чейин (ал күндү кошо алганда) берилген бош жаткан тилкелер жөнүндө болуп жатат.
Мыйзамда ошондой эле Жер тилкелерин легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү каралган. Ал башаламан курулуштардын курамындагы бош жаткан жер тилкелерин легалдаштыруу, ошондой эле аларды мыйзамдарга ылайык мамлекеттик менчикке алуу маселелерин карайт.
Мунапыска кирген жер тилкелери, ошондой эле аларга чектеш жалпы пайдалануудагы аймактар жергиликтүү мамлекеттик администрация же мэрия тарабынан тиешелүү тизме бекитилгенден кийин автоматтык түрдө «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду деп эсептелет.
Мындай аймактарга жолдор, көчөлөр, тротуарлар, жашыл зоналар, арыктар, парктар, скверлер жана башка объектилер кирет. Бакча-жай (садово-дачные) тилкелери буга кирбейт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин жаңы ченемдерге ылайык келтирүү тапшырылды.