Жыл башынан бери 21 миңден ашуун жаран МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өттү

17.07.2026 | 12:05
Жыл башынан бери 21 миңден ашуун жаран МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өттү — Новости Кыргызстана

2026-жылдын башынан бери майыптыкты аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан (МСЭК) 21 миң 839 жаран күбөлөндүрүүдөн өттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга көп экенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 20 миң 506 жаран майыптыгы бар адам катары таанылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,4 пайызга көп. Алардын ичинен 5 миң 276 адамга майыптык биринчи жолу белгиленсе (+5,2%), 15 миң 230 адамга кайрадан белгиленген (+1,5%).

Ведомстводо МСЭКтин ишин санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү иштери улантылып жатканы белгиленди.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 2025-жылы МСЭКтин бизнес-процесстери оптималдаштырылып, берилүүчү документтердин саны алтыдан экиге чейин кыскартылган. Ошондой эле кызматтар «Түндүк» мамлекеттик ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына интеграцияланган.

Учурда жарандар майыптык тууралуу маалымкатты жана жеке реабилитациялоо (абилитациялоо) программасын онлайн ала алышат. Бул МСЭКке кайрадан баруу зарылдыгын жоюп, кезектерди жана жарандардын убакыттык, финансылык чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берди.

Мындан тышкары, жыл башынан бери 20 миң 862 жаран үчүн жеке реабилитациялоо жана абилитациялоо программалары иштелип чыгып, таризделди.

Scroll to Top