Садыр Жапаров Татарстанга барды

Садыр Жапаров Татарстанга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, Россияга иш сапарынын алкагында Татарстан Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Г. Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында президент Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен эки жактуу жолугушуулары өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>