Франция Бишкектеги метро жана трамвайдын ТЭОсун иштеп чыгууну колдоого даяр

Бишкекте метро, трамвай линияларын куруу жана метробус (BRT — ылдам жүрүүчү автобус транспорту) системасын киргизүү келечеги талкууланды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу кечээ, 9-октябрда Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиевдин, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдын, муниципалитеттин, француз делегациясынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕӨРБ) өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Тараптар шаардын транспорттук инфратүзүмүн модернизациялоо, анын ичинде трамвай линияларын куруу, метробусту киргизүү жана метро түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Борбор калаанын өсүп жаткан транспорттук муктаждыктарын эске алуу менен, долбоорлордун техникалык жана экономикалык максатка ылайыктуулугуна, ошондой эле аларды ишке ашыруунун мүмкүн болгон жолдоруна өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы аракеттердин жол картасын иштеп чыгуу жана келечектүү транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) даярдоо маселесин тереңдетүү сунушталды.
Франция тарап ТЭОну иштеп чыгууга каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бул изилдөө долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн баалоого, керектүү ресурстарды аныктоого жана Бишкектин транспорт системасын модернизациялоо боюнча кийинки кадамдарды белгилөөгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Тараптар кызматташтыкты улантууга жана мүмкүн болгон чечимдерди талкуулоого кызыкдар экендиктерин ырасташты.