Футбол боюнча Өзбекстан-Жапония беттеши көрүүчүлөрсүз өтөт

Футбол боюнча Өзбекстан-Жапония беттеши көрүүчүлөрсүз өтөт

Азия футбол конфедерациясынын тартип комитети Өзбекстан курамасынын күйөрмандарынын Ирак командасына каршы оюнда футбол талаасына таш ыргытканы боюнча чечим чыгарды.

Ага ылайык, 15-июнда Ташкенттин «Бунёдкор» стадионунда Жапония курамасына каршы өтө турган Футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалында өзбек футболчулары өз күйөрмандарысыз ойношот. Стадион толугу менен жабылганына карабай, 500гө чейин жапон күйөрмандары оюнду көрүүгө укук алды.

Мындан тышкары Өзбекстандын футбол ассоциациясы 50 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөйт. Өлкө курамасынын дарбазачысы Абдувахид Нематов үч оюндан четтетилип, 500 доллар айып пулга жыгылды.

AFC маалымдагандай, Иракка каршы беттеште арбитр Нематовду оюндан четтеткенден кийин Ташкенттеги «Пахтакор» стадионундагы күйөрмандар футбол талаасына ар түрдүү предметтерди, анын ичинде таштарды ыргытышкан. Жыйынтыгында оюн бир нече мүнөткө токтогон.

11-июнда футбол боюнча Өзбекстандын курама командасы Иракты пенальтилер сериясында 3:2 эсебинде жеңип алган.

Оюндун жүрүшүндө күйөрмандар оюн талаасына таш ыргытып, жыйынтыгында фотограф менен оператор жабыркаган. Ташкенттин ички иштер башкармалыгы 47 киши кармалганын кабарлаган. 19 күйөрман административдик жоопкерчиликке тартылып, калгандарынын иши боюнча иликтөө уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>