Бишкекте ШКУнун «Аялдардын лидерлиги» аталышындагы Аялдар форуму ишин баштады«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү каттамга кечикпөөгө чакырдыЧоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, атасы эки баласы менен каза болдуКүн жана ысык өткөрүп албоо үчүн эмне кылуу керек — медиктердин кеңешиТүптүн Кең-Суу айылына ипотекалык көп кабатуу үйлөр курулатОңой акча жана оор кесепеттер: жаштарды баңгибизнеске кантип азгырышат?
Футбол: Кыргызстан Монголияны 2:1 эсебинде утту (видео)
15.10.2019 | 16:04
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголияны 2:1 эсеби менен утту.
Монголиянын баш калаасы Улан-Батор шаарындагы беттештин алгачкы бөлүгүнүн 15 минутасынд Гүлжигит Алыкулов биринчи голду киргизди.
Ал эми 41 минутада Мирлан Мурзаевдин таамай тепкен тобу атаандаштардын дарбазасынан орун алды.
Оюндун экинчи бөлүгүндө Валерий Кичин оюн талаасында эреже бузганы үчүн калыс монголдорго пенальти берди.
Монгол футболчулары пенальтини дарбазага таамай тээп, 56-минутада эсеп сандарын 1:2 кылууга жетишти.
Ошентип оюн 2:1 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт