Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, атасы эки баласы менен каза болду
26.06.2026 | 10:38

Кемин районунда болгон жол кырсыгынан атасы жана анын эки жашы жете элек баласы каза болду. Чүй облустук милициясынын маалыматында, кырсык кечээ, 25-июнда, болгон.
Подгорное айылына жакын жерде «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, суунун агымы катуу болгондуктан, жарандар автоунаадан чыга албай калышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары автоунааны суудан чыгарып, маркумдардын сөөктөрүн табышкан.
Окуя Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталды. Учурда ыкчам-тергөө тобу окуянын жагдайларын тактоодо.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом