Күн жана ысык өткөрүп албоо үчүн эмне кылуу керек — медиктердин кеңеши

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери ушундай ысык аба ырайында күн жана ысык өткөрүп алуудан сак болууну эскертет.
Ысык өтүү — бул организм ашыкча ысып кеткенде пайда болгон курч абал. Ал аба алмашуусу жок, дем кыстыктырган жабык бөлмөдө, ысык көчөдө же кондиционери иштебеген унаада болушу мүмкүн.
Күн өтүү — бул ысык өтүүнүн бир түрү. Ал күндүн астында узак убакыт жүргөндө жана күндүн нурлары башка түз тийгенде пайда болот.
Бул абалдардын үч оордук даражасы бар. Үчүнчү даражасында жабыркаган адам жөөлүп, галлюцинация болуп, тырышып (судороги), эстен танышы жана абалы кескин начарлап, өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн.
Ысык өтүүнүн белгилери:
- дене табынын көтөрүлүшү;
- булчуңдардын оорушу;
- мурдунан кан кетүү;
- көңүл айнуу, кусуу;
- дем кыстыгуу;
- көздүн карегинин чоңоюшу;
- аң-сезимдин бузулушу;
- эстен тануу.
Ысык өткөрүп албоо үчүн эмне кылуу керек:
- күндүн активдүүлүгү эң жогору болгон мезгилде — саат 10:00дөн 17:00гө чейин сыртка чыкпоого аракет кылыңыз. Активдүү сейилдөөлөрдү жана башка жумуштарды эртең менен эрте же кечинде жасаңыз;
- аптаптуу күндөрү организм ички жылуулуктун бөлүнүп чыгышынан улам ысып кетпеши үчүн, көчөдөгү оор жумуштарды жана интенсивдүү машыгууларды кийинкиге калтырыңыз;
- көчөгө чыгар алдында ар дайым ачык түстөгү панама, кепка же шляпа кийиңиз;
- синтетикадан баш тартып, пахтадан, зыгырдан (лен) же жибектен тигилген кенен кийимдерди тандаңыз. Ал абаны жакшы өткөрүп, денедеги ашыкча нымдуулуктун бууланышына жардам берет.
Ысык өткөндө көрсөтүлүүчү биринчи жардам:
- жабырлануучуну салкын жерге которуп, ашыкча кийимдерин чечиңиз, чекесине, көкүрөгүнө, чурайына, кол чеңгелине, балтырына жана колтуктарына салкын компресс коюңуз;
- компресстер өтө муздак (муз) эмес, жөн гана салкын болушу керек, анткени температуранын кескин өзгөрүшү кан тамырлардын коллапсын (тарышын) пайда кылышы мүмкүн. Мүмкүнчүлүк болсо, уксустун алсыз аралашмасы же кадимки суу менен денесин кайра-кайра сүртүп турууга болот;
- жабырлануучуга көп суюктук берүү керек: өтө коюу эмес таттуу чай, газдалбаган минералдык же кадимки ичүүчү суу;
- жүрөктүн иштеши бузулса, корвалол, кордиамин же валидол берип, дароо тез жардам чакыруу зарыл;
- эстен танып калган учурда, жабырлануучуну жаткырып, башын бир аз ылдыйлатып, буттарын көтөрүп коюу керек. Чыкыйына муздак компресс коюп, мурдуна нашатыр спиртин жыттатат;
- жабырлануучунун бетине акырын чаап же кулак калкандарын укалоо керек. Өзүнө келгенден кийин таттуу чай берилет;
- ысык өткөн учурда жабырлануучуга эч качан спирт ичимдиктерин, коюу чай же кофе берүүгө болбойт — бул анын абалын начарлатып, жүрөктүн иштешинин бузулушун күчөтүшү мүмкүн.
Күн өтүүнүн белгилери:
- катуу баш оору, баш айлануу;
- көңүл айнуу;
- эстен тануу.
Күн өткөрүп албоо үчүн эмне кылуу керек:
- тердөөгө тоскоолдук кылбаган табигый материалдардан — пахта, зыгыр (лен), жибектен тигилген жеңил жана ачык түстөгү кийимдерди, баш кийимдерди кийиңиз;
- бетти жана башты салкын суу менен чайкап турууга, кол чатыр менен коргонууга болот;
- таза сууну тез-тезден ичип туруңуз, спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз — ал организмди суусуздандырат;
- күндүн эң ысык мезгилинде — саат 11:00дөн 16:00гө чейин күндүн алдында болуу убактысын кыскартууга аракет кылыңыз. Эгер бул убакта сыртта болуу зарыл болсо, көлөкөдө жүрүүгө аракет кылыңыз;
- мүмкүнчүлүк болсо, адам көп маалда (час пик) коомдук транспортту колдонбоого аракет кылыңыз.
Күн өткөндө көрсөтүлүүчү биринчи жардам:
Медиктер келгенге чейин күн өткөн адамга биринчи жардам көрсөтүү атайын даярдыкты талап кылбайт. Абалын жеңилдетүү үчүн төмөнкүлөрдү кылуу керек:
- жабырлануучуну көлөкөгө алып баруу;
- таза аба менен камсыз кылуу;
- салкын суусундук берүү;
- чекесине жана желкесине салкын компресс коюу;
- башы айланса, жабырлануучуну түз (горизонталдуу) жаткыруу.
Жабырлануучуну муздатуу үчүн эч качан өтө муздак суу жана суусундуктарды колдонууга болбойт. Суук кан тамырлардын катуу кысылышына (спазмга) алып келип, анын абалын ого бетер начарлатышы мүмкүн.