Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
ЖККУнун башкы катчысы Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктарын бурмалоого каршы чыкты
22.06.2026 | 15:45

Нацизмди актоо максатында совет элинин эрдигинин баркын түшүрүү жана Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктарын бурмалоо аракеттери өзгөчө тынчсызданууну жаратат, — деп билдирди ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму) башкы катчысы Таалатбек Масадыков Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 85 жылдыгына байланыштуу.
Ал нацисттик Германиянын аскердик машинасы Советтер Союзунун шаарларына жана айылдарына кыянаттык менен кол салганын жана анын айтымында, тынч жарандарга каршы болуп көрбөгөндөй мыкаачылыктарды жасаганын эске салды.
Масадыков СССР элдери жалпы Ата Мекенди коргоо үчүн көтөрүлүп, тынчтык, эркиндик жана өз жеринде жашоо укугу үчүн өтө чоң кун төлөгөнүн белгиледи.
«ЖККУга мүчө мамлекеттерде согуш жылдарында курман болгон жоокерлердин, оруктагы (тылдагы) эмгекчилердин, тынч адамдардын жаркын элеси ыйык тутулат. Келечек муундарга чындыкты жеткирүү, тынчтыктын баалуулугун түшүндүрүү жана жаңы трагедиялардын алдын алууга көмөктөшүү — биздин парзыбыз», — деп баса белгиледи ЖККУнун башкы катчысы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом