Оңой акча жана оор кесепеттер: жаштарды баңгибизнеске кантип азгырышат?

26-июнда бүткүл дүйнөдө Баңгиликке жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда баңгизат көйгөйү канчалык курч бойдон калууда, кандай жаңы коркунучтар пайда болууда жана баңги кылмыштуулугуна каршы күрөшүү ыкмалары кандайча өзгөрүүдө? Бул тууралуу Reporter.kg сайтынын кабарчысы КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы Марсель Дооталиев менен маектешти.
– Акыркы жыл ичинде Кыргызстанда баңги кырдаалы өзгөрдүбү? Бүгүнкү күндө БМЖКККны кайсы тенденциялар көбүрөөк тынчсыздандырат — синтетикалык баңгизаттарбы, «закладкаларбы», жайылтуунун онлайн-каналдарыбы же жаштардын буга тартылышыбы?
– Кыргызстандагы баңги кырдаалы, көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, заманбап технологиялардын таасири астында өзгөрүүнү улантууда. Мурда негизги коркунучту салттуу баңгизаттар жана алардын өлкө аймагы аркылуу транзити түзсө, бүгүнкү күндө интернет жана мессенджерлер аркылуу таралып жаткан синтетикалык баңгизаттар барган сайын көбүрөөк тынчсызданууну жаратууда.
Өзгөчө коркунучту «закладка» (баңгизатты жашыруун катып кетүү) деп аталган ыкмалар жана уюштуруучулар менен аткаруучулар бири-бири менен дээрлик байланышпаган дистанциялык сатуу схемалары жаратат.
Дагы бир кооптондурган тенденция — жаштардын оңой акча табуу шылтоосу менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылышы. Буга байланыштуу ИИМдин БМЖКККсы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча да, калк арасында баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу (профилактика) боюнча да ишти күчөтүүдө.
– Акыркы учурда криминалдык кабарларда жаштар жана ал турсун студенттер көп кездешүүдө. Өспүрүмдөрдү жана жаштарды баңгизат таратууга тартуу көйгөйү канчалык курч турат жана көбүнчө жалдоо (азгыруу) механизмдеринин кайсылары колдонулат?
– Тилекке каршы, бул көйгөй чындыгында эле актуалдуу бойдон калууда. Баңги тармактарынын негизги максаттуу аудиториясы — социалдык тармактарды жана мессенджерлерди активдүү колдонгон жаштар, студенттер, атүгүл жашы жете электер болууда.
Көбүнчө азгыруу — тажрыйбасы жок эле жогорку акы төлөнүүчү жумуш, тез акча табуу же аралыктан иштөө сунуштары тууралуу кулактандыруулар аркылуу жүрөт. Жаштарга курьер же «закладчик» милдетин аткарууну сунушташат, ошол эле учурда мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилигинин олуттуулугун атайылап жашырышат.
Баңгизаттарды таратуунун бир эле эпизодуна катышуу оор кылмыш болуп саналарын жана адамдын мындан аркы тагдырына олуттуу таасир этиши мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү.
– Кыргызстан тарыхый жактан баңгитрафиктин кесилишинде жайгашкан. Бүгүнкү күндө баңги тармактарынын каттамдары жана иштөө ыкмалары кандайча өзгөрүүдө? Санариптик платформалар жана мессенджерлер канчалык олуттуу чакырык болуп калды?
– Заманбап баңги тармактары санариптик технологияларды активдүү колдонушат. Мурда негизги көңүл физикалык каттамдарга бурулса, бүгүнкү күндө координациялоонун, азгыруунун жана сатуунун олуттуу бөлүгү онлайн-чөйрөгө өттү.
Баарлашуу үчүн мессенджерлер, жабык чаттар, анонимдүү аккаунттар жана шифрленген каналдар колдонулат, бул кылмыштуу схемалардын уюштуруучуларын жана катышуучуларын аныктоону кыйла татаалдаштырат.
Мындан тышкары, баңги тармактары бөлүштүрүлгөн иш моделин барган сайын көп колдонууда: бирөөлөрү жеткирүү менен алектенсе, экинчилери — таңгактоо, үчүнчүлөрү — «закладкаларды» жайгаштыруу, ал эми төртүнчүлөрү электрондук капчыктар жана криптовалюта аркылуу каржылык операцияларды жүргүзүшөт. Бул структураны ийкемдүү кылып, салттуу тергөө ыкмалары үчүн ачууга кыйын кылат.
Дал ушул себептен санариптик платформалар жана мессенджерлер бүгүнкү күндө укук коргоо органдары үчүн негизги чакырыктардын бири болуп саналат.
Буга жооп катары ИИМдин БМЖКККсы аналитикалык ишти, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле таратуу каналдарын бөгөттөө жана мындай тармактардын уюштуруучуларын аныктоо чараларын күчөтүүдө.
– Көбүнчө күрөш кесепеттер менен жүрүүдө. Сиздин оюңузча, алдын алуунун кандай чаралары реалдуу иштейт жана бүгүнкү күндө эмнени өзгөртүү керек — мектептерде, ЖОЖдордо, ата-энелер менен иштөөдөбү же мыйзамдардабы?
– Чындыгында, баңги кылмыштуулугуна каршы күрөшүү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюуну гана эмес, системалуу алдын алуу иштерин да камтышы керек.
Негизги багыттардын бири катары жаштар арасындагы профилактика калууда. Билим берүү мекемелеринде дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жаштарда укуктук аң-сезимди жана баңгизаттарды колдонуунун, таратуунун реалдуу кесепеттерин түшүнүүнү калыптандыруу маанилүү.

Үй-бүлө чоң роль ойнойт. Ата-энелер балдарына көңүл буруп, алардын чөйрөсүнө, жашоо образына жана интернеттеги активдүүлүгүнө кызыгышы керек. Көпчүлүк учурда азгыруу дал ушул санариптик чөйрөдөн башталат.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын жана укук коргоо түзүмдөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү зарыл. Биргелешкен иш гана тобокелдиктерди өз убагында аныктоого жана жарандардын кылмыштуу ишмердүүлүккө тартылышына жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
– Баңгиликке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнүн алдында ата-энелерге жана жаштарга эмне айткыңыз келет: кандай белгилерди көз жаздымда калтырбоо керек жана кантип баңги кылмышынын курмандыгы же катышуучусу болуп калбоо керек?
– Биринчи кезекте жаштарга кайрылгым келет: оңой акча жана тез киреше табуу убадаларына алданбагыла. Бүгүнкү күндө баңги кылмышкерлери психологиялык таасир этүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуп, мыйзамсыз ишмердүүлүктү кадимки жумуш катары көрсөтүүгө аракет кылышат.
Баңгизаттарды таратууга катышуу — бул жөн гана кошумча жумуш эмес, бүтүндөй кийинки жашоого таасир эте турган кылмыш экенин түшүнүү маанилүү.
Ата-энелер балдардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө, достор чөйрөсүнүн кескин алмашуусуна, түнт болуп калышына, шектүү байланыштардын пайда болушуна же интернеттен акча табуу темасына түшүнүксүз кызыгуусуна көңүл бурушу керек.
Эң негизгиси — алдын алуу ар бирибизден башталарын унутпоо керек. Үй-бүлөдөгү ачык сүйлөшүү, жоопкерчилик, бири-бирине аяр жана кунт коюп мамиле кылуу бул коркунучтуу илдетке каршы күрөшүүдө маанилүү курал бойдон калууда.
Анара Мамытова