Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү каттамга кечикпөөгө чакырды
26.06.2026 | 11:44

«Кыргызстан аэропорттору» ААКы «Манас» аэропортуна алып баруучу жолду реконструкциялоо иштеринен улам каттамга кечигип калбоо үчүн жүргүнчүлөргө жолго эртерээк чыгууну сунуштады. Ишкана курулуш иштеринен улам аэропортко жетүү убактысы кошумча 30 мүнөткө чейин узарышы мүмкүн экенин билдирди.
Ошондой эле ички каттамдарга каттоо учууга 40 мүнөт калганда, ал эми эл аралык каттамдарга каттоо 1 саат калганда аяктай тургандыгы эскертилди.
Учурда аэропорттон Манас айылына чейинки 8 чакырымдык тилкеде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилген. Жол толугу менен жабылбастан, унаалар бир тарабы аркылуу эки багытта өткөрүлүүдө.
Аэропорттун администрациясы жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Манас аэропорту