Футбол: Кыргызстанда VAR системасы киргизилет

Футбол: Кыргызстанда VAR системасы киргизилет

Кыргызстандын футбол бирикмеси өлкө чемпионатында VAR системасына (арбитрлерге видео жардам көрсөтүү системасы) ишке киргизүүнү үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.

Белгилүү болгондой, 18-19-декабрда Кыргыз футболдук бирикмесинде ФИФАнын VAR системасын ишке киргизүү боюнча адиси Гильерме Барбоса, арбитрлерди окутуу боюнча ФИФАнын инструктору Валентин Коваленко, ошондой эле Кыргыз футбол бирикмесинин калыстар менен мелдештер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышкан.

“Аталган чогулуштарда Кыргызстанда VAR системасын ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелери, жабдууларды камсыз кылган компанияларга болгон талаптар, калыстарды жана калыстын видео ассистенттерин окутуу, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы мындан аркы кадамдарды бекитүү процесси тууралуу деталдуу талкуу жүрдү.

Буга чейин Кыргыз футболдук союзу VAR лицензиясын алууда консультативдик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ФИФАга кайрылган. Учурда КФСтин Калыстар бөлүмү өлкөдө видео жардам системасын ишке киргизүү боюнча долбоорун этап-этабы менен ишке ашырууда. Кийинки кадам — арбитр жана кайталоодо турган операторлор үчүн окуу программасын бекитүү”, — деп айтылат маалыматта.

Ата мекендик калыстарды окуту 8 айдан 10 айга чейин созулат. Андан кийин гана Кыргызстандын премьер-лигасынын оюндарында видеокайталоо системасын колдонулушу күтүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>