«Эски тууну гана көтөрүп чыгам». Жоламан Шаршенбеков жаңы туу боюнча оюн айтты

«Эски тууну гана көтөрүп чыгам». Жоламан Шаршенбеков жаңы туу боюнча оюн айтты

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал Kaktus.kg басылмасына берген маегинде айткан.

Шаршенбеков алдыдагы эл аралык мелдештерде Кыргызстандын алгачкы туусун гана көтөрүп чыга турганын баса белгилеген.

«Мен тууну өзгөртүүгө каршымын. Президент Садыр Нургожоевич желек өзгөртүлсө, чыгым болбойбуз дебеди беле. Менде эски желек бар. Жаңы сатып албайм. Алдыда эски желекти гана көтөрүп чыгам», — деди ал.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын туусун өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Тууну өзгөртүү демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөнү белгилүү. Ошол эле учурда элдин көпчүлүгү тууну өзгөртүүгө каршы. Парламент тууну өзгөрткөнү менен жарандар жаңы тууну кабыл албай турганын билдиришүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>