Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Футбол легендасы Пеленин абалы начарлап баратат
22.12.2022 | 22:25
Бразилиялык футболчу Пеленин ден соолугу начарлап баратат. Бул тууралуу ал азыр жаткан Сан-Паулу шаарындагы клиниканын дарыгерлери билдирди. Рак илгерилеп, химиотерапия андан да эртерээк жыйынтык бербей калды.
Дарыгерлер паллиативдик жардамды гана көрсөтө алышат. Пеле Рождество майрамын ооруканада өткөрөрү буга чейин белгилүү болгон. Ошол эле учурда дарыгерлердин айтымында, спортчу кадимки палатада жатат, аны реанимацияга которууга азырынча негиз жок.
20-кылымдын мыкты футболчусу былтыр рак оорусуна кабылып, операция жасалган, бирок шишикти жеңүү мүмкүн эмес болууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз