Футбол: Штефан Таркович башкы машыктыруучулук кызматтан кетти

Футбол: Штефан Таркович башкы машыктыруучулук кызматтан кетти

Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович кызматтан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.

КФБ Штефан Таркович дээрлик 14 ай Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу болгонун, анын жетекчилиги алдында команда дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү баскычына чыкканын, Азия кубогуна өткөнүн белгиледи.

Таркович менен келишим 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөндүктөн, КФБнын жетекчилиги өз ара сүйлөшүүлөрдөн кийин келишимдин аяктаганына байланыштуу кызматташууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Штефан Таркович менен бирге анын машыктыруучулар штабында иштегендер да кызматтан кетет.

Бүгүн, 13-июнда КФБнын президенти Камчыбек Ташиев Штефан Таркович баштаган машыктыруучулар штабы менен жолуккан. Жолугушууда Ташиев КФБ кабыл алган чечим боюнча айтып, Тарковичке кесипкөй иши үчүн ыраазычылык билдирген.

Сүйүнчү! Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогуна чыкты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>