«Эскерүү оту» Бишкекке келди — иш-чара кандай өттү
Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында баатырдын эстелигинин жанында 6-майда «Эскерүү отун» өткөрүп берүүнүн салтанаттуу аземи болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Эскерүү отун» Бишкекке Олимпиаданын үч жолку чемпиону, белгилүү теле алып баруучу жана актриса, Москва шаардык думасынын депутаты Мария Киселева алып келди.




Белгилей кетсек, акция 5-майда Москвадагы Александров багынан башталган. Акциянын катышуучулары Өчпөс оттун бир бөлүгүн дүйнөнүн 14 өлкөсүнө жеткиришет.




Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, коомдук жана ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары катышты, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.




Аземдин алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдигине таазим катары митинг жана гүл коюу иш-чарасы өттү.




«Бишкек ар дайым тарыхты аздектеген, каада-салтты сыйлаган жана Улуу Жеңиш тууралуу эскерүүнү жаш муунга өткөрүп берген шаар болуп келген жана болуп кала берет. Биз ардагерлердин, эркиндикти коргоп, бизге тынч асман тартуулагандардын эрдигине башыбызды ийип, таазим кылабыз. «Эскерүү оту» элдерибиздин биримдигинин, тынчтыктын жана ынтымактын символу болуп калсын», — деди мэр.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Эскерүү оту» күйгөн чырак Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музейге салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди.
Акциянын уюштуруучулары — Россотрудничество жана «Элдик фронт» коомдук кыймылы, ошондой эле иш-чара ардагерлер жана волонтердук уюмдардын колдоосу менен ишке ашты