Бишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттү

07.05.2026 | 16:11

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган «Жеңиш ырлары» аттуу автожүрүш өттү.

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттү — Новости Кыргызстана

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага «Республикалык согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлер кеңеши» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты. Автожүрүш башталар алдында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы — коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отонбаев сөз сүйлөдү.

Унаалар колоннасы Бишкек — Байтик — «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси — Арашан — 73809 аскер бөлүгү («Ала-Тоо» полигону) — Беш-Күнгөй — Бишкек багыты боюнча жүрдү.

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттү — Новости Кыргызстана

Акциянын алкагында катышуучулар «Жеңиш» мемориалына гүл коюп, курман болгон баатырларды эскеришти, ошондой эле согуш жылдарындагы ырларды аткарышты.

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттү — Новости Кыргызстана

Автожүрүштү өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн министрлик унааларды бөлүп берип, колоннаны коштоону жана иш-чараларды координациялоону уюштурду.

Scroll to Top