Бишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болду

07.05.2026 | 18:58

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаарга ысык суу берүүгө багытталган жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктагандыгын билдирет.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 8-майда ишкананын адистери системаны этап-этабы менен муздак сууга толтурууга жана ысык сууну берүүгө даярдык көрүүгө киришишет. Бишкек ТЭЦинде сууну жылытуу жана керектөөчүлөргө ысык суу берүү 9-майдан тарта башталат.

Биринчи кезекте ысык суу шаардын борбордук бөлүгүндө, андан соң этап-этабы менен түштүк кичи райондорунда жана системанын башка тилкелеринде пайда болот. Айрым райондордо, өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарында ысык суу берүүнү калыбына келтирүү кошумча убакытты талап кылышы мүмкүн.

«Бишкекжылуулуктармагы» шаардыктардан ысык суу бериле баштаганда аралаштыргычтардагы (смеситель) крандарды текшерип, жаап коюуну, ошондой эле ысык суунун берилишин бузган ашыкча агымдарды болтурбоо үчүн суу жылытуучу бактарды (аристон) өчүрүүнү жана жалпы түтүктөрдөн бөлүп турган бекитүүчү арматураны жаап коюуну суранат.

Эске салсак, буга чейин «Бишкекжылуулуктармагынын» басма сөз кызматы Reporter.kg сайтына шаардыктардын үйлөрүнө ысык суу берүү графикке ылайык — 10-майдан тарта башталарын билдирген. Ошондой эле алар 1-апрелде башталган ысык сууну толук өчүрүү мезгилинде аткарылган иштер тууралуу маалымат беришкен.

Scroll to Top