«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калды
Кыргызстандык триатлончу Валентина Лим Ысык-Көлдө машыгып жүргөн учурунда президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова менен кокусунан жолугуп калганын айтып берди. Спортчу жолугушуу тартылган видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, велосипед менен машыгып жаткан учурда жолдун жабылганын жана элдин топтолуп турганын байкаган. Кийинчерээк жан сакчылар андан бул тилкеден тезирээк өтүп кетүүсүн суранышкан.
Лим билдиргендей, президенттин жубайы ага көңүл буруп, андан соң спортчуну жанына чакырышкан.
Триатлончу жолугушуу абдан жылуу маанайда өткөнүн белгиледи. Жарыяланган видеодо Садыр Жапаров: «Бул жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн», — деп тамашалап, сүрөткө эмес, видеого тартууну сунуштаган.
«Ошентип, менде президент жана анын жубайы менен тартылган видео пайда болду», — деп жыйынтыктады спортчу.