Бодо малды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Баткенде жаран кармалдыЭкономика министрлиги Орто коридордун инвестициялык потенциалы тууралуу айтып бердиСалык кызматынын башчысы АКШда көк бөрү курама командасынын турнесин уюштурууну сунуштадыЖаңы багыттар жана долларсыз эсептешүүлөр: эксперт ШКУ менен БРИКСтин келечеги тууралуу24-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйтКыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлат
Бишкек Жеңиштин 81 жылдыгын белгилейт: иш-чаралардын толук программасы
04.05.2026 | 15:30
Бишкек шаарынын мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган майрамдык жана эскерүү иш-чараларынын программасын жарыялады.
- 6-майда саат 10:30да Ч. Түлөбердиев атындагы паркта «Эскерүү оту» эл аралык акциясы өтөт. Ушул эле күнү саат 11:00дө К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Кызыл чеге гүл — муундардын эсинде» сынак-фестивалынын гала-концерти болот.
- 7-майда саат 10:00дө Юбилейная көчөсү, 17 дарегиндеги «1941–1945» жана «Түбөлүк эскерүү» эстеликтерине гүл коюу аземи өтөт. Ушул эле маалда Төмөнкү Ала-Арчадагы монументтин жанында митинг-реквием болот.
- 8-майда саат 10:00дө Д. Асанов атындагы аскер лицейинде митинг-реквием өткөрүлөт. Саат 11:00дө Жаш Гвардия бульвары, 88 дарегиндеги «1941–1945» эстелигинин жанында гүл коюу жана куттуктоо аземи болот.
- Башкы иш-чара 9-майда саат 09:30да Жеңиш аянтында өтөт. Саат 11:00дө Ч. Түлөбердиев атындагы паркта жоокер боткосун таратуу уюштурулат.
- 10-майда саат 14:00дө шаардык «Диалог» маданият үйүндө «Биз эстейбиз» аталышындагы майрамдык кече өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом