Германия Кыргызстандын 14,9 млн евро мамлекеттик карызын кечти 

Германия Кыргызстандын 14,9 млн евро мамлекеттик карызын кечти 

Германия Кыргызстандын 14,9 млн евро өлчөмүндөгү мамлекеттик карызын кечти. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаттары менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууга аталган өлкө менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Гуля Кожокулова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов, Медербек Алиев жана Фарходбек Алимжанов катышты.

Ал эми “Германия-Борбор Азия” достук тобунун жетекчиси Ойген Шмидт баштаган Бундестагдын делегациясын Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил коштоп келди.

Баарлашууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлдү.

Депутат Гуля Кожокулова уюштурулган жолугушуу эки тараптуу байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин белгилеп: “Кыргызстан Европа биримдиги, анын ичинен Германия менен бардык багыттар боюнча жигердүү кызматташууга кызыктар. Айрыкча Жогорку Кеңеш үчүн Бундестаг менен тыгыз иш алып баруу өзгөчө мааниге ээ. Анткени, демократияны бекемдөө, саясий партиялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана анын аткарышын көзөмөлдөө жаатында бай тажрыйбага ээсиздер”, – деди.

Ошондой эле жаш адистер үчүн берилүүчү Бундестагдын эл аралык стипендиясына Кыргызстанды да кошуу демилгесин көтөргөн Гуля Кожокулова 14,9 млн евро өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды кечип, каражаттын ипотекалык насыялоо багытында жумшалышына шарт түзгөндүгү үчүн Германия тарапка ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда экология, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү сунуштары айтылып, аталган багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Өз кезегинде Бундестагдын депутаты, “Германия-Борбор Азия” достук тобунун жетекчиси Ойген Шмидт Кыргызстан менен кызматташуу Германия үчүн да артыкчылыкка ээ экенин билдирип, айтылган бардык маселелер караларын кошумчалады.

“Эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттердин ролу жогору экенин эске алып, бул жаатта жигердүү алаканы калыптандырууга басым жасашыбыз кажет”, – деди Шмидт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>