Сауд өнүктүрүү фонду турак жай курууга 100 млн $ насыя бөлөт

Сауд өнүктүрүү фонду турак жай курууга 100 млн $ насыя бөлөт

Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргызстанда турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 375 млн сауд риалы (100 млн АКШ доллары) өлчөмүндө насыя бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, каражат жылдык 1,5 пайыз кредиттик комиссия менен 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 25 жылдык мөөнөткө берилет.

Жыйында “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

“Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрге чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына  чейин бүтөрү күтүлүүдө. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына  жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт”, — деди Чоро Сейитов.

Талкуу учурунда депутат Жылдыз Таалайбек кызы турак жайдын 1 чарчы метринин баасы канча болорун сурады.

Министрдин орун басары Чоро Сейитов турак жайдын 1 чарчы метринин баасы 550 доллар болорун айтты. Жылдыз Таалайбек кызы  бул сумма аймактар ​​үчүн өтө эле көп деген пикирин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Сауд өнүктүрүү фонду “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюшканы маалымдалган.

 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>