Грузия парламентинин депутаттары Кыргызстанга келишти

Грузия парламентинин депутаттары Кыргызстанга келишти

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Грузия менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси, “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков баштаган депутаттар Грузия парламентинин депутаты Давид Матикашвили баштаган депутаттык делегация менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Грузия менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобунун мүчөлөрү Ырысбек Атажанов, Абдыбахаб Боронбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, Улугбек Ормонов, Медербек Саккараев, Элмурза Сатыбалдиев, Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов жана Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Лалиашвили катышты.

Достук депутаттык тобунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков өз сөзүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө терең кубанычта экендигин белгиледи.

“Кыргызстан Грузия менен достук, ишенимдүү мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө ар дайым кызыкдар. Өткөн жылы биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкени кубандырат (10-июль, 1992-жыл). Бул убакыттын ичинде биз өнүгүүнүн олуттуу жолун басып өттүк жана бүгүнкү күндө Грузия Кыргызстандын, анын ичинде эл аралык уюмдардын аянтчаларында маанилүү өнөктөш болуп саналат. Ошону менен бирге, дүйнөдөгү глобалдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, мамилебизди жаңы мазмун менен толтуруу маанилүү деп эсептейбиз. Жаңы мезгил чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдө жаңы ыкмаларды талап кылат”, —  деди депутат.

Парламенттер аралык кызматаштыкка токтолгон Бактыбек Сыдыков, кызматташтык конструктивдүү диалогду колдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн гана эмес, ошондой эле биздин элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жетишүү үчүн да өзгөчө мааниге ээ экендигин канааттануу менен белгиледи. Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Грузия Парламентинин ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдарбыз-, деп кошумчалады ал.

Грузия парламентинин Кыргызстан парламенти менен достук тобунун жетекчиси Давид Матикашвили жылуу кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

“Кыргызстан менен Грузия достук мамиледеги өлкөлөрдөн. Кызматташтык жана достук мамиле тузүүгө багытталган келишимге кол коюлгандыгынын 25 жылдык,  ал эми дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгиледик.  Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө эки өлкөнүн парламенттеринин ролу да маанилүү. Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштар да жакшырып баратат. Айрыкчы, туризм жана маданий тармактарындагы өзгөчө кызматташтыкты айткым келет-,” деди Давид Матикашвили.

Мындан сырткары, жолугушууда тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар, келечекте кызматташуу маселелери туурасында кеңири баарлашты. Ошону менен катар кызматташуу мындан ары дагы бекемделип, тажрыйба бөлүшүүдө ар дайым бири-бирин колдоого алышаарын билдиришти.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>