Мал ууруларга жазаны күчөтүү сунушу тармактык комитетте каралды

Мал ууруларга жазаны күчөтүү сунушу тармактык комитетте каралды

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары М.Абдалиев, К.Талиева, С.Өмүрзаков, М.Саккараев, Г.Култаева, Ш.Атазов, А.Исатбек кызы, Ж.Кыдыкбаев, А.Козуев, М.Маматалиев, Б.Түлөбаев.

Мыйзам долбоору республикада, анын ичинде айрыкча, айыл жерлеринде мал уурдоо кылмыштарын болтурбоо же азайтуу максатында демилгеленип жатат. Кылмыш-жаза кодексинде жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинде мал уурдоо кылмышы үчүн жоопкерчиликтин белгилениши, бул түрдөгү кылмыштарды азайтууга шарт түзөт.

Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерине ылайык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен уурулук жасоо, башкача айтканда 10 миң сомдон ашкан кылмыштар үчүн (Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси) кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуучу жосун катары квалификацияланат, ал эми анча чоң эмес зыян келтирген жосун (10 миң сомго чейин) Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (271-273-беренелеринде каралган) жоопкерчиликке тартылат.

Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уурулук жосунун өзгөчө ири өлчөмдө, уюшкан топ тарабынан жана кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган учурда күнөөлүү (айыпкер) адамдардын мүлкүн конфискациялоо жоопкерчилиги каралган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>