Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Путин 15-октябрда Бишкекке келет
26.09.2023 | 19:10
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келерин тастыктады. Анын Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен эки тараптуу жолугушуусу да Бишкекте өтөөрүн РИА Новости билдирди.
Буга чейин Александр Лукашенко кечээ Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, 15-октябрда аны менен Кыргызстанда жолугушууну пландап жатканын билдирген.
Дмитрий Песковдун айтымында, эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү да болгон.
«Путин менен Лукашенко телефон аркылуу көп сүйлөшөрүн биз бир нече жолу билдиргенбиз. Күн тартиби, өзүңүздөр көрүп тургандай, баттан өзгөрүп жатат, андыктан мындай байланыштардын күн тартиби ар дайым толук”, – деп жыйынтыктады Песков.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат