Гүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалды

Гүлшан Конушева Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
18-сентябрда, жаңы жетекчини консерваториянын эмгек жамаатына маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кубатбек уулу Нарынбек тааныштырган.
Гүлшан Конушева 1978-жылы Чүй облусунун Беловодское айылында туулган. Ал Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы музыкалык мектепти жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аспаптык аткаруучулук адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылы балдар искусство мектебинде баштаган. 2006-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында концертмейстер, окутуучу, кафедра башчысы жана доцент кызматында эмгектенген. 2021–2024-жылдары Казакстандын Астана шаарындагы Мамлекеттик опера жана балет театрында, ал эми 2024-жылдын ноябрынан тартып Россиянын Владивосток шаарындагы Мариинский театрынын Приморье филиалында опералык труппада концертмейстер болуп иштеп келген. Ал Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ.