Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалды
19.09.2026 | 15:34

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2011-жылы туулган өспүрүм окуучу ур-токмоктон каза болду. Облустук милициянын маалыматында, өспүрүм 18-сентябрда аймактык оорукана жетпей каза болгон.
Бул маалымат Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн алкагында 2011-жылы туулган И.М., Н.С., Н.К. жана Т.А. аттуу өспүрүмдөр шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын жагдайларын аныктоо үчүн экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Чаткал