Кундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулуудаУлуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө27-июнь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКыргызстанда бюрократиядан арылтууга багытталган мыйзамдардын пакети кабыл алындыКундуз Кырбашева: Кыргызстан «жашыл» диалогдун стратегиялык борборуна айланууда1-сентябрдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин жана кенже кызматкерлердин айлык акылары менен кошумча төлөмдөрү жогорулайт
Хабиб Нурмагомедов Гэйтжи менен болгон беттешинен кийин канча каражат алган?
27.10.2020 | 11:05
Абу-Дабиде UFC 254 турниринин алкагында өткөн беттештин 2-раундунда орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашын “үч бурчтук” ыкмасы менен жеңген.
UFC уюму Нурмагомедовго беттеш үчүн 6 млн доллар төлөп берген. Бул суммага сатылган трансляциялардын пайызын, жарнамалык бонус кошулган эмес. Ошондой эле ага мыкты беттеш көрсөткөндүгү үчүн кошумча 50 миң доллар берилген. Ал эми ар кайсы иш-чараларга катышкандыгы үчүн 40 миң доллар дагы төлөнгөн.
Мушташтан кийин орусиялык спортчу карьерасын токтотоорун жарыялаган.
Ошол эле учурда Гейтжинин акысы 630 миң долларды түзгөн.
Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин беттешти 24-октябрда Абу-Дабидеги Яс аралында өткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт