Кумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болду

Кыргызстанда кароосуз калган иттерди реабилитациялоо жана жаңы ээлерине тапшыруу боюнча «Кумайык» борборунда мобилдик ветеринардык клиника пайда болду. Бул тууралуу уюм өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасында билдирди.
Алардын маалыматына караганда, мобилдик ветклиника ветеринардык жардам алуу мүмкүнчүлүгү чектелген калктуу конуштарда стерилдөө, эмдөө, чиптөө жана башка процедураларды жүргүзүүгө шарт түзөт.
Борбордон билдиришкендей, клиниканы Британиянын Olsen Animal Trust кайрымдуулук фондунун колдоосу менен уюштурууга мүмкүн болду. Бир нече ай бою команда долбоордун үстүндө иштеди: автоунаа сатып алып, аны кайра жабдып, керектүү ветеринардык шаймандар менен камсыздады.
Мобилдик клиниканын алгачкы чыгуусу 22-октябрда Кара-Балта шаарына болду. Ал жакта ветеринарлар 18 жаныбарды стерилдешти.
«Эми биз айылдарга барып, ветеринардык жардам жеткиликсиз болгон аймактарга чыгууларды уюштура алабыз. Стерилдөө, эмдөө, чиптөө жана башка процедуралар жаныбарлар менен алардын ээлери үчүн жакыныраак жана жеткиликтүү болот. Канчалык көп калктуу пункт камтылса, ошончолук көп жаныбар куткарылып, корголот», — деп айтылат борбордун билдирүүсүндө.
«Кумайык» борбору Olsen Animal Trust уюмуна колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мобилдик клиниканын пайда болушу Кыргызстанда кароосуз калган иттердин санын гумандуу түрдө жөнгө салууда маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Мобилдик клиниканын иши боюнча суроолор менен +996 700 335 449 номери аркылуу колл-борборго кайрылууга болот. Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн ишембиге чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин.
Reporter.kg’нин маалыматы: «Кумайык» программасы Кыргызстанда 2022-жылдын мартынан бери Брижит Бардо фондунун жана Кыргыз-Француз экотуризм бирикмесинин колдоосу менен иштеп келет. Анын максаты — кароосуз калган иттердин санын гумандуу жөнгө салуу. Программа Бишкек, Кант жана өлкөнүн башка калктуу конуштарын камтыйт.
Olsen Animal Trust (OAT) — жаныбарларды коргоо жана жапайы жаратылышты сактоо менен алектенген Британиянын кайрымдуулук фонду. Ал 2015-жылы Сью Олсен тарабынан негизделип, 2016-жылдын 2-ноябрында Улуу Британияда расмий катталган.
Фонд жаныбарлар үчүн баш калкалоочу жайларды (приюттарды) жана реабилитациялоо борборлорун каржылайт, сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдү сактоо долбоорлорун, ошондой эле жаныбарларга катаал мамиле жасоого каршы демилгелерди колдойт.
Olsen Animal Trust Африка жана Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Замбия, Зимбабве, Малави, ТАР (Түштүк Африка Республикасы), Вьетнам жана Кытайдагы жаратылышты коргоо долбоорлорун колдоп келет. Анын өнөктөштөрүнүн арасында Born Free Foundation эл аралык уюму да бар.
Расмий сайты: olsenanimaltrust.org.