Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
Крит аралында жүрөк үшүн алган жер титирөө болду (ВИДЕО)
28.09.2021 | 16:03
Андан 9 киши жараат алды, экөөсүнүн абалы ооруураак. Үйлөр кыйрап, дүкөндөрдө товарлар текчелерден кулады. Имараттардын дубалдарынан жараңкалар кетти. Куткаруучулар имараттардагы жарандарды толугу менен сыртка алып чыгышты. Бул туурасында РБК жазып чыкты.
Маалыматка караганда, анын очогу Криттеги Гераклион шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 22 чакырым аралыкта жайгашкан. Жер силкинүүнүн магнитудалык күчү 5,8 баллга жетти. Миңдеген жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түндү чатырларда же автоунааларда өткөрүштү. Грекиянын бийлиги жарандарды жарака кеткен имараттардан оолак болууга чакырды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар