«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөт

28.10.2026 | 15:03
«Жети-Өгүз» санаторийин оңдоп-түзөө иштери 2027-жылдын жазында бүтөт — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облусундагы «Жети-Өгүз» санаторийиндеги курулуш жана реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аймакта 6 миң чарчы метрлик төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, 2 миң чарчы метрлик дарылоо имараты жана жабык термалдык бассейндер салынып, ички жасалгалоо жүрүүдө. Ошондой эле 2 миң 300 чарчы метрлик жатакана толугу менен оңдолуп бүткөн.

Мындан сырткары, саркынды сууларды тазалоочу жай жаңыланып, 350 куб метрлик таза суу резервуары курулган. Азыркы тапта 7 миң чарчы метр жерге асфальт төшөлүп, 400 орундуу ачык амфитеатр, боз үй түрүндөгү жыйын залы, спорт жана балдар аянтчалары курулуп жатканы айтылды. Аймакта 5 капсулалык, 10 мобилдик, мончосу бар 2 модулдук үй орнотулуп, 5 барнхаустун курулушу уланууда.

Белгилей кетсек, санаторий буга чейин президенттин тапшырмасы менен Кесиптик бирликтер федерациясынан президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн.

Scroll to Top