Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилдиҮчүнчү балдар ооруканасында 200дөй бала кезекте турган — депутатБишкектин Достук айылында 750 орундуу мектеп курулдуБалыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлдуИшкер аялдарды каржылоону ишке ашыруу үчүн Улуттук хартияга кол коюлдуКыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталууда
Икрамов: Көмүрдүн баасын жасалма түрдө көтөрүшүүдө
07.10.2021 | 11:54
Жарык өчүрүлүп жаткан учурдан пайдаланып, көмүрдүн баасын көтөрүп жаткандарды көзөмөлдөө керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, көмүрдүн бир тоннасы Бишкекте 4,5 миң, Караколдо 6 миң жана Баткенде 7,5 миң сомдон сатылып жатат.
“Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кайсы жакты карап отурат, мен билбейм. Абалдан пайдаланып көмүрдүн баасын көтөрүп жатышат. Муну көзөмөлдөө керек. Бизде бир нерсени билсе эле ошол жактан бизнес кылууну көздөгөндөр чыгып жатат. Пандемия күчөп турганда компьютердик томографияны көтөрүп алышты. Быйыл жарык өчөт экен десе, эми көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп жатышат” , — деди Икрамов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат