Балыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлду

28.09.2026 | 15:27
Балыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлду — Новости Кыргызстана
Балыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлду — иллюстрация
Балыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлду — контекст события
Балыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлду — фото 4

Балыкчы шаарында Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү унаа жолдор менен тротуарларды сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Жолдордун оңдолушун текшерүүдө асфальт-бетон жабуусун төшөөдө, суу өткөрүүчү курулмаларды, лотокторду, тротуарларды жана таяныч элементтерди орнотууда кемчиликтер такталган. Айрым тилкелерде негизди тазалоо жана битум эмульсиясы менен иштетүү талаптары сакталбастан асфальт басылганы, ошондой эле инженердик кудуктардын белгилери жол жабуусунун деңгээлине дал келбегени аныкталган.

Аталган фактылар боюнча «Чу Прокси», «4 Энерджи» жана «Капитал Консалт» ишканаларына жалпы 105 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аларга белгиленген мөөнөттө аныкталган кемчиликтерди өз каражаттарынын эсебинен жоюу талабы коюлду.

Эске салсак, буга чейин интернет тармактарында Балыкчы шаарында жаңы оңдолгон жолдордун абалына нааразы болгон тургундун видеосу тараган. Анда жаран төшөлгөн асфальт жука болуп, үбөлөнүп жатканын, ал эми айрым жерлерде чөп өсүп чыкканын көрсөткөн.

Scroll to Top