КМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталды
Бишкектин Достук айылында 750 орундуу мектеп курулду
28.09.2026 | 16:03

Бишкек шаарынын Достук айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Окуу жайдын курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Имарат үч кабаттан турат, жалпы аянты 6 миң 500 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Учурда имараттын курулуш иштери бүтүп, ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын тартипке келтирүү иштери аткарылууда. Объект аймактагы окуучулардын билим алуусу үчүн орундарды камсыз кылууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим