Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
24-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт
24.09.2026 | 09:00

Бүгүн, 24-сентябрда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с, күндүз айрым жерлерде 15–20 м/с чейин күчөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 24…29°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 22…27°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 20…25°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 20…25°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 20…25°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 17…22°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 18…23°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11…13°C, күндүз 26…28°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы